“СУТ БУЛАК” ЖАК

1996-жылдын январында өкмөттөр аралык Кыргыз-Швейцария сүт программасын ишке ашыруунун алкагында “Сүт Булак” жабык акционердик коому түзүлүп, аны түзүүгө каражаттарды Швейцария Өкмөтү берген, ал өзү дагы негизги акционер болгон, ал эми акциялардын бир бөлүгү Ысык-Көл облусунун фермерлерине (бекер) таркатылган.

Инвесторлор ишкананын курулушуна швейцариялык талап кылуу жана тактык менен мамиле кылышты. Швейцариядан келген адистер Кыргызстандын баардык аймактарын изилдеп, заманбап сыр өндүрүү заводун курууга эң ылайыктуу жерди издешти. Жаратылыш шарттары боюнча Швейцарияга окшош экологиялык жактан таза жерди табуу негизги маселе болчу. Деңиз деңгээлинин бийиктиги маанилүү ролду ойногон, анткени аларда өзгөчө ар түрдүү чөптөрү бар альпы шалбааларына (деңиз деңгээлинен 1700 - 2500 метр бийиктикте) керек болгон. Завод 1720 метр бийиктикте Ысык-Көл облусунун Түп районунун Жылуу-Булак айылынын четинде курулган. Өндүрүш Түп районунун борборунда жайгашкан жана компания өзүнүн кызматкерлери менен гана эмес, сүттү табигый ыкмалар менен өндүргөн фермерлер менен дагы достук мамилени кармашат.

Биздин контакттар

demo
demo