2009-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ ЭКСПОРТТООЧУ

2010-жылы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Экономикалык жөнгө салуу министрлиги “Сүт Булак” ЖАКына “2009-жылдын мыкты экспорттоочусу” наамын ыйгарышкан.

demo

САПАТ - 2019

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 500-р буйругу менен «Сүт Булак» ишканасы жогорку сапаттагы, акыркы технология жана түз Швейцариядан жакшы салттары менен, эң негизгиси табигый өндүрүлгөн продукциялары үчүн «САПАТ - 2019» сертификаты менен сыйланган.

demo

“СУТ БУЛАК” – ӨЗГӨРҮҮСҮЗ ЖОГОРКУ САПАТЫ ҮЧҮН ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫКТАРДЫН ЭЭСИ.

«Сүт Булак» ишканасы чыгарган сырдын ар бир түрү дайыма жогорку сапаты үчүн эл аралык сыйлыктардын ээси. Компания өзү эл аралык “Ардак белгиси” сыйлыгынын лауреаты жана “Улуттук экономиканын лидери” наамына ээ болгон.

demo

МЫКТЫ ПРОДУКЦИЯ FOODEXPO QAZAQSTAN 2019

2019-жылдын ноябрь айында “Сүт Булак” компаниясы Spielhofer Swisscheese SA менен бирге Кыргызстан менен Швейцарияда өндүрүлгөн продукциянын бардык ассортиментин тартуулап Борбордук Азиядагы FoodExpo Qazaqstan 2019 эл аралык тамак-аш өнөр-жайы көргөзмөсүнө катышты. Биздин Классикалык Тильзит 45% жана Wiesengold Dairy Spring жана Tête de Moine AOP, Mont Soleil жана Fromages Spielhofer SA Le Cavalier сырлары "The Best Product of FoodExpo Qazaqstan 2019" профессионалдык тамак-аш жана суусундуктардын дегустациясында 1-орунду ээлеп, атайын калыстар тобунун эң жогорку баасын алышты.

demo