FSSC 22000 СЕРТИФИКАТЫ

2017-жылы тамак-аш азыктарынын коопсуздугун башкаруу системасы FSSC 22000 сертификация схемасынын талаптарына ылайык ишке киргизилген жана сертификацияланган.FSSC 22000 сертификаты тамак-аш технологиясы жана өндүрүш чөйрөсүндө, өзгөчө сүт өнөр-жайында абдан жогорку статуска ээ жана биздин өнүмдөрдүн керектөө коопсуз экендигин жана бардык эл аралык сапат стандарттарына жооп берген шарттарда өндүрүлгөнүн камсыздайт.

demo

КОМПАНИЯНЫН ПРОДУКЦИЯСЫ «ХАЛАЛ ИНДУСТРИЯСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУНАН» СЕРТИФИКАТТАЛГАН

2019-жылы компаниянын бардык продукциялары “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” тарабынан тастыкталган жана продукцияны өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, ташуу жана сатуу боюнча Халал стандарттарынын бардык талаптарына жооп берет деп таанылган.

demo

ГОСТ ИСО/МЭК 17025 ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРЫНА ЫЛАЙЫК ЛАБОРАТОРИЯ.

“Сүт Булак” ишканасы ГОСТ ISO/IEC 17025 эл аралык стандарты боюнча өзүнүн аккредитацияланган лабораториясы бар саналуу ишканалардын бири болуп саналат. Өндүрүштүн ар бир этабы, сүттү кабыл алуу жана аны кайра иштетүүдөн баштап сырды бышууга жана сатууга даярдоого чейин заводдун аккредиттелген лабораториясы тарабынан көзөмөлгө алынат.

demo