БИЗДИН ИШ – БИЗДИН КУМАР

“Сүт Булак” жабык акционердик коому 25 жылдан бери Dairy Spring жана Milky Day соода маркаларынын сырын жана сүт азыктарынын ар кандай түрлөрүн өндүрөт. Компания 1996-жылдын 5-январында өкмөттөр аралык Кыргыз-Швейцария сүт программасын ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн. Алыскы Швейцариядан келген консультанттар менен Кыргызстандын адистеринин жамааттык эмгегинин натыйжасы Борбор Азия өлкөлөрүндө ага окшоштугу жок өзгөчөлүү “Сүт Булак” сыр заводу болду. Долбоор башталар алдында Кыргызстандын адистери Швейцарияда сыр жасоо өнөрү боюнча алты айлык окуудан өтүшкөн.Сыр өндүрүү - бул тажрыйба жана салт маселеси. Биз эң жаңы заманбап өндүрүш жабдууларын колдонуп жатканыбызга карабастан, өндүрүштүн бардык этаптары өзгөрүүсүз бойдон калууда: жогорку сапаттагы чийки сүт стандартташтырылат, ачытуу ферменти кошулат, андан кийин бактериялык өсүмдүк кошулат. Массаны кылдаттык менен ысытып, аралаштырышат жана бүртүктүү консистенция алынганга чейин кесишет. Андан кийин пресстеп, туздуу суудада кармашат жана акыры, атайын камераларда сакташат ... Биз үчүн эң башкысы – биздин азыктардын экологиялык жактан таза болушу, ошондуктан биз боекторду жана консерванттарды колдонбойбуз, ошондой эле ISO жана FSSC стандарттарына ылайык эң катаал гигиеналык стандарттарын сактайбыз.

Сырларды өндүрүүдө 4 гана ингредиентти колдонобуз:

ТАМАК
ТУЗУ

УЙ
СҮТҮ

МЕЗОФИЛДҮҮ ЛАКТОБАКТЕРИЯЛАРДЫН
АЧЫТКЫСЫ

АЧЫТУУ
ФЕРМЕНТИ

“СУТ БУЛАК” ЖАК

1996-жылдын январь айында өкмөттөр аралык кыргыз-швейцариялык сүт программасын ишке ашыруунун алкагында «Сүт Булак» жабык акционердик коому түзүлүп, аны түзүүгө каражат Швейцария Өкмөтү тарабынан бөлүнүп, Швейцария негизги акционер болгон. Ал эми үлүштөрдүн бир бөлүгү Ысык-Көл облусунун дыйкандарына акысыз бөлүштүрүлгөн.

Инвесторлор ишкананын курулушуна швейцариялык талап жана тактык менен мамиле жасашкан. Заманбап сыр заводун куруу үчүн эң жакшы жерди издеп, Швейцариядан келген адистер Кыргызстандын бардык аймактарын изилдеп чыгышты. Эң негизгиси жаратылыш шарты боюнча Швейцарияга окшош экологиялык таза аймакты табуу болду. Деңиз деңгээлинен бийиктик маанилүү ролду ойногон, анткени өзгөчө чөптөрү менен альп шалбаалары (деңиз деңгээлинен 1700 - 2500 метр бийиктикте) керек болчу. Завод Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жылуу-Булак айылынын четинде 1720 метр бийиктикте курулган. Өндүрүш Түп районунун борборунда жайгашкан жана ишкана өз кызматкерлери менен гана эмес, сүт өндүрүүнүн табигый ыкмаларын колдонгон жалаң фермерлер болгон жеткирүүчүлөр менен да достук мамилени сактап келет.

demo

 

Кененирээк

Акыркы жанылыктар

Табигый сыр жана май

Катуу кабык, жарым катуу, италиялык, швейцариялык жана башка көптөгөн табигый сырлар…. 25 жылдан бери «Сүт Булак» ЖАК Кыргызстанда Dairy Spring жана Milky Daу соода маркалары менен сырларды жана сүт азыктарынын ар кандай түрлөрүн чыгарып келет. Сырдын ушунча ар түрдүүлүгү болгондо, азгырыкка туруштук берүү кыйын, туруштук беруу деги керекпи...

demo

FOODEXPO QAZAQSTAN 2019

2019-жылдын ноябрь айында “Сүт Булак” компаниясы Spielhofer Swisscheese SA менен бирге Кыргызстан менен Швейцарияда өндүрүлгөн продукциянын бардык ассортиментин тартуулап Борбордук Азиядагы FoodExpo Qazaqstan 2019 эл аралык тамак-аш өнөр-жайы көргөзмөсүнө катышты. Биздин Классикалык Тильзит 45% жана Wiesengold Dairy Spring жана Tête de Moine AOP, Mont Soleil жана Fromages Spielhofer SA Le Cavalier сырлары "The Best Product of FoodExpo Qazaqstan 2019" профессионалдык тамак-аш жана суусундуктардын дегустациясында 1-орунду ээлеп, атайын калыстар тобунун эң жогорку баасын алышты.

demo

Cырлар боюнча гид

Ала-Тоонун этегиндеги кичинекей Швейцария Dairy Spring өзүнүн 22 жыл ичинде өндүрүлгөн сырлардын түрдүү ассортименти менен сыймыктана алат. Бул "Тильзит Classic" жана "Тильзит Premium" жарым-жартылай катуу сырлардын белгилүү сериясы, ошондой эле "Пицца үчүн Моцарелла" жана "Туздуу суудагы моцарелла" жаңы бышкан сырлары

demo

2009-ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЭКСПОРТËРУ

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Экономикалык тескөө министрлиги тарабынан “Сүт Булак” ЖАКка “2009-жылдын мыкты экспортеру” наамы ыйгарылган.

demo